Эгемендик-30: Майрам күндөрү 9 миң милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Милиция.

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата майрам күндөрү Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдиргендей, ар бир милиция мекемесинде элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча план иштелип чыккан.

30-августтан 1-сентябрга чейин майрамдык иш-чараларда жана көчөлөрдө жалпысынан 9 миңдей милиция кызматкери иштейт.

31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы белгиленген күнү Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өтөт. Жалпысынан республика боюнча 40тан ашуун майрамдык иш-чара пландаштырылган.

Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары өтүүдө.

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алынган. Бул дата – Кыргызстандын Эгемендик күнү.

Быйыл 30-31-август өлкөдө дем алыш күндөрү. (RK)

Дагы караңыз

28-августтун аба ырайы: Көпчүлүк жерлерде жаан жаайтМилиция: Темирлан Султанбековго кол салуу "Ээнбаштык" беренеси менен тергелүүдөЖапаров Жамбылдагы жарылуудан улам Токаевге көңүл айттыКабулдагы терактта 200дөй адам жараат алды