28-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 28…33;
Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 31…33 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 20…22 градуска чейин жогорулайт.
Дагы караңыз
Милиция: Темирлан Султанбековго кол салуу "Ээнбаштык" беренеси менен тергелүүдөЖапаров Жамбылдагы жарылуудан улам Токаевге көңүл айттыКабулдагы терактта 200дөй адам жараат алды“Али Токтакунов МедиаХабы”: ИИМ жасалма ПЧР тест саткан адам кармалганын билдирди