Жапаров Жамбылдагы жарылуудан улам Токаевге көңүл айтты

Казакстандын аскердик унаасы, жарылуу болгон аймак.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

"Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүнү каалаймын", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

26-августта кечки саат жетилерде Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскер бөлүгүндө катуу жарылуу болуп, өрт чыккан.

Казакстандын Коргоо министрлигинин малыматына таянып “Азаттык” радиосунун казак кызматы беш аскер кызматкери каза болуп, ондогон адамдар жараат алганын жазды. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, жарылуунун себептери иликтенүүдө.

2019-жылы 24-июнда Арыста курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Тургундар калаадан чукул чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматтар боюнча, ал кезде шаардан 41 миң киши көчүрүлгөн. Анда үч адам каза таап, ондогон киши ооруканага жаткырылган. (JsA)

Дагы караңыз

Кабулдагы терактта 200дөй адам жараат алдыЖамбылдагы аскердик кампада катуу жарылуу болдуАйсулуу элди бириктирдиКызыл-Кыяда экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу талкууланды“Али Токтакунов МедиаХабы”: ИИМ жасалма ПЧР тест саткан адам кармалганын билдирди