Жоошбаева: Кант диабети барлар коронавирустан көп каза болууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кант диабети бар адамдар арасында коронавируска чалдыккандар ооруну жеңе албай, каза болгондор көп катталууда. Бул тууралуу 26-августта Эндокринология борборунун бөлүм башчысы Кайыргүл Жоошбаева билдирди.

“Кыргызстанда быйылкы жылдын башындагы статистика боюнча 71 миң адам кант диабети менен катталган. Ал эми катталбай, оорусу бар экенин билбей, дарыгердин көзөмөлүнө алынбаган адамдар мындан үч-төрт эсе көп. Кант диабети чоң жана кичине кан тамырларын жабыркатат. Ал эми коронавирус дал ошол кан тамырларга терс таасирин тийгизип жатат”.

Жоошбаева оорунун оор кесепеттеринен сактануу үчүн эгер чектөөлөр болбосо коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү зарыл экенин белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус менен 174 миңден ашуун адам расмий катталды, алардын 2,5 миңи каза болду.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Дагы караңыз

Москвадагы кондитердик шоунун финалына чыккан Анара Фракция лидерлери Коопсуздук кеңешине кирбейтОш: Алмаз Мамбетов мэр болуп шайландыНавальныйдын камалгандан берки алгачкы маеги жарык көрдү