Ысык-Көлдү узунунан сүзүп келе жаткан спортчу 140 чакырымды багындырды

Владислав Шулико.

Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгону жаткан кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылына келип калды.

26-августта Чырпыктыда бир аз эс алып, Балыкчыны көздөй сүзүп жөнөй турганын “Азаттык” радиосуна аны коштоп жүргөндөр кабарлашты.

Владислав Шулико.

Сууда сүзүү боюнча спорт чебери, 21 жаштагы Владислав Шулико марафонун 22-августта баштаган. Ал Караколдон Балыкчыга чейинки 180 чакырымды сүзүп өтүүнү пландап жатат. 26-августка карата Караколдон Чырпыктыга чейин 140 чакырымды өттү.

Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрөт.

Буга чейин 2018-жылы алты киши Ысык-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине сүзүп өтүү боюнча эл аралык Issyk-Kul Swim Challenge жарышына катышкан.

Ысык-Көлдүн узундугу 182, туурасы 58 чакырым. Эң терең жери 702 метр.

Владислав Шулико буга чейинбир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген. (KS)

Дагы караңыз

Жалал-Абад: калкты тейлөө борбору Open Space форматында иштей баштады Учакта төрөлгөн оогандык ымыркайга лайнердин аты берилдиМосква полициясы: жердештерине карата кылмыш жасаган кыргызстандыктар көпЖеймс Хеппи: Кабул аэропортуна жакын жерде теракт уюштурулушу ыктымал