Учакта төрөлгөн оогандык ымыркайга лайнердин аты берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын аскердик учагынын бортунда төрөлгөн ооган ымыркайына лайнердин аты ыйгарылды. Бул тууралуу америкалык генерал Тод Уолтерс 25-августта өткөн брифингде билдирди.

Ооганстандан чыгып, Катар аркылуу Германиянын аба базасына бараткан учактагы аялдын толгоосу башталып, экипаждын жардамы менен көз жарган.

Уолтерстин айтымында, АКШ аба күчтөрүндөгү ар бир учактын диспетчерлер колдонгон аталышы болот. Ооган үй-бүлөсүн коопсуз аймакка жеткирген учактын аталышы "Рич-828" эле. Ошол себептен наристе кызга Рич деген ысым ыйгарылды. Ымыркай ата-энеси менен Кошмо Штаттарга жеткирилет.

Талибдер Кабулду ээлеп алган 15-августтан бери АКШ жана анын өнөктөштөрү 88 миңдей адамды чыгарып кетишти. Соңку бир суткада эле 19 миң киши эвакуацияланды. АКШ учактары ар бир 39 мүнөттө абага көтөрүлүп жатканын аскерлер билдиришти.

Дагы караңыз

Жеймс Хеппи: Кабул аэропортуна жакын жерде теракт уюштурулушу ыктымалКытай коронавируска байланыштуу АКШны айыптады Баткен менен Сох районунун акимдери жолугуштуЛавров: Орусия Борбор Азияга америкалык армиянын жайгашканын каалабайт