27-августтун аба ырайы: кээ бир аймактарда жаан жаайт

Кегети. Чүй облусу.

27-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 31…33 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 23…25 градуска чейин жогорулайт.

Дагы караңыз

Акжол Махмудов аукциондун акчасынан Аруузаттын дарылануусуна жардам берерин билдирдиЖалган маалыматка каршы мыйзам ишке кирди: ал кантип иштейт?Өкмөт: 84 миң баланын ата-энеси мигрант болуп сыртта жүрөт Москвадагы кондитердик шоунун финалына чыккан Анара