Токмок: Мэр шайлоо дээрлик үч саат кеч башталды

Токмок шаары.

Токмокто бүгүн 26-августка белгиленген мэр шайлоо дээрлик үч саат кечигип башталды. "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай, шаардык кеңештин 31 депутатынын 30у саат 12ге жакын гана чогулуп, добуш берүүнү башташты.

Күн тартибине ылайык, жыйын саат 9да башталып, 12де жыйынтыкталмак.

Бул шаарда мэрликке эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн.

Бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында да мэр шайлоо болду. Бишкекте Айбек Жунушалиев 45 депутаттын 43үнүн добушун алды, Ошто Алмаз Мамбетов да 45 депутаттын 43үнүн колдоосуна татыды. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек, Ош жана Токмокто мэр шайландыОш: Алмаз Мамбетов мэр болуп шайландыАйбек Жунушалиев Бишкектин мэри болуп шайландыТИМ: Ооганстандан дагы 10 кыргыз жараны эвакуацияланды