Мэр шайлоо: Бишкекте жана Ошто башталды, Токмокто депутаттар чогула элек

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек жана Ош шаарларында ушу тапта жергиликтүү кеңештердин жыйыны өтүп, мэр шайлоо маселеси каралып жатат. Бишкекте жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев, Ошто да жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов көрсөтүлгөн.

Талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берип, мэр катары аткарууну пландаган иштери тууралуу айтып берип жатышат.

Оштун башчылыгына талапкер Мамбетов өз сөзүндө вице-мэрлердин бири аял болушу керектигин айтты.

Бишкектеги талапкер Жунушалиев президент Садыр Жапаров саясий иштерге, шайлоого административдик ресурсту колдонууга тыюу салып, эскертүү бергенин, бир дагы саясий партияда мүчө болбогонун жана андай ою жок экенин, Бишкекте бизнес кызыкчылыгы жоктугун айтты .

Бүгүн 26-августка Токмок шаарында да мэр шайлоо пландалган. Жергиликтүү кеңештин отуруму 9да башталып, 12де аяктары белгиленген. Саат 10:30га карата, “Азаттыкка” маалым болгондой, 31 депутаттын 13ү гана чогулду.

Бул шаарда мэрликке эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн. (RK/DU/MTa)

Дагы караңыз

Коронавирустан дагы беш адам каза болду, 237 бейтап жаңы катталдыБишкек, Ош жана Токмокто мэр шайландыАялдарга саясатка жол чабуу татаалдайбы?"Талибандын" ардагерлери жогорку кызматтарга дайындалды