Кыргызстандагы соңку камоолордун саясий төркүнү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев камакта калды.“Кумтөр иши” боюнча камакта жаткан парламент депутаты Төрөбай Зулпукаровду да сот үй камагына чыгаруудан баш тартты. Ал эми ушул эле иш боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 млн. сом төлөп берип, үй камагына чыкканы белгилүү болду. Соңку камоолор чын эле коррупция менен күрөштү туюнтабы же саясий куугунтукка айланып бара жатабы? Студиянын бүгүнкү коноктору - Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, Жогорку кенештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков, жарандык активист Адил Турдукулов жана саясат таануучу Эмил Каниметов.