"Чоң жетинин" лидерлери Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүүгө үндөдү

Ооганстан. "Талибандын" жоочулары Кандагардагы блокпостто. 22-август, 2021-жыл.

Дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн жети өлкөнүн башын кошкон "Чоң жети" тобу талибдер келгенден кийин өлкөдөгү соңку кырдаалга олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

24 августта болуп өткөн чукул онлайн-жолугушуунун жыйынтыгында АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Жапониянын, Италиянын, Франциянын жана Канаданын лидерлери биршелешкен билдирүү кабыл алышты.

"Ооган эли соңку 20 жылдагы саясий-экономикалык жетишкендиктерди эске алуу менен тынчтыкта жана коопсуз шартта жашоого татыктуу", - деп жазылган билдирүүдө.

Мындан сырткары террорчулуктун алдын алуу, адам укугун, айрыкча аялдардын, кыздардын, диний жана этникалык азчылыктардын укуктарын сактоо белгиленген. Ошондой эле, Ооганстанда жаңы өкмөт түзүүдө бардык күчтөрдүн кызыкчылыгын камтыган саясий жөнгө салуу жараянын ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик эми "Талибанда" экени айтылат.

"Чоң жетинин" лидерлери биринчи кезекте өткөн 20 жылда алар менен тыгыз кызматташкан оогандыктарды коопсуз эвакуациялоону камсыздоо, андан ары Ооганстандан толугу менен тынч чыгып кетүү тапшырмасы турганын белгилешти.

Дагы караңыз

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган көк бөрү оюну өтүп жататДанияр Нарымбаев ооруканадан тергөө абагына которулдуДүйнөлүк банк Ооганстанга жардам берүүнү токтоттуУкраина: Эгемендик күнүндөгү аскер парады Бишкекте медайымдардын съезди өттү