COVID-19: Дагы төрт адам каза болду, 229 бейтап жаңы катталды

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан төрт адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2498 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 229 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (102) жана Чүй (46), Ысык-Көл (27) облустарында.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 174 576 адамга жетти.

Бир күндө 444 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 1260 адам жатат, дагы 1794 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Оорунун экинчи толкуну октябрда болгон.

Быйыл июнь айында күн сайын 2 миңдей бейтап жаңы катталып жатканда өкмөт оорунун үчүнчү толкуну башталганын жарыялаган. 24-августта үчүнчү толкун басаңдап баратканы расмий айтылды.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Дагы караңыз

Күчүнө кирген маалымат мыйзамы, коомчулуктун сыны "Чоң жети" Ооганстан боюнча чечим кабыл алатЭгемендиктин балдары: "Мен чех да, кыргыз да эмесмин"COVID-19: "Дельта" штаммы Түркмөнстанда күч алды