Бүгүн, 25-августта Токмок шаарында Кыргызстандагы лидер аялдардын алгачкы курултайы өтөт. Чүй облусунда баштала турган иш-чара Ош жана Нарын облустарында уланып, сентябрда жыйынтыкталат.
Курултай өлкөдө жүрүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр, пандемия шартында аялдар кыймылынын коомдогу ордун жана ролун анализдөө зарылчылыгына байланыштуу өткөрүлүп жатат. Анда көйгөйлөрдү талкуулоо менен катар ийгиликке жетишкен кыз-келиндердин тажрыйбасын жайылтууга шарт түзүлөт. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, өлкө жетекчилигине гендердик теңчиликке жетишүү, аялдар лидерлигин өнүктүрүү үчүн татыктуу шарт түзүү боюнча реалдуу кадамдарды жасоого чакырат.
“Аялдар тилектештиги” аттуу курултайды активист кыз-келиндер парламенттеги Аялдар укугу жана гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча кеңеш жана Депутат аялдар форуму менен бирге уюштуруп жатышат.
Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар 6,5 миллион калктын 50,4% түзөт. Аялдардын 64% айыл жергесинде жашайт.
Быйыл Кыргызстанда айыл кеңештерине шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30 пайыздык квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айыл кеңештеринде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү.
Дагы караңыз
"Сорос-Кыргызстан" жаштардын 13 медиа долбоорун каржылайтИИМ: жыл башынан бери кылмыштуу топтун миңден ашык мүчөсү кармалдыБУУ: талибдер өлүм жазасын колдонуп, аялдардын укугун чектеп жатат