"Сорос-Кыргызстан" жаштардын 13 медиа долбоорун каржылайт

MediaJasa долбоору тараткан сүрөт.

Кыргыз Интернет айдыңында сапаттуу медианы өнүктүрүү үчүн MediaJasa долбоору чыгармачыл жаштардын окутуп, материалдык колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

"Сорос-Кыргызстан" фондусунун каржылык колдоосу менен сынак жарыяланып, алардын ичинен 13 долбоор тандалып алынды. Чыгармачыл жаштар ушул жылдын ноябрь айына чейин аялдардын укуктары, жаштарга жынысттык тарбия берүү, экологиялык көйгөйлөр, жарандык укуктарды билүү сыяктуу долбоорлорду ишке ашырышат.

MediaJasa долбоору жарандык баалуулуктар жана эркиндиктер боюнча талкуу түзүүгө багытталган мультимедиялык долбоорлорду жана демилгелерди колдойт. (TSh)

Дагы караңыз

ИИМ: жыл башынан бери кылмыштуу топтун миңден ашык мүчөсү кармалдыCOVID-19: "Дельта" штаммы Түркмөнстанда күч алды "Кумтөр ишиндеги" кош стандарт мамилеӨмүрбек Текебаев: Биздин замандын каармандарыТеатрды чарбага алмаштырган актер