Казакстанда мунай бургулоочулар иш таштады

Казакстан. Мангистау облусундагы мунай бургулоочу скважиналар.

Казакстандын Мангистау облусунун Каракыян районундагы Жетибай мунай кенинде иштеген West Oil Software компаниясынын беш жүздөй жумушчусу 23-августтан баштап иш таштады.

Алар өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, маянаны көтөрүүнү, жумуш шарттарын жакшыртууну жана жетекчилик тарабынан бузулган эмгек укуктарын коргоону талап кылды.

Кайрылууда кымбатчылык өкүм сүрүп турганда айлык-акы жетпей жатканы жана жумушчулардын жашоо абалы начарлап кеткени көрсөтүлгөн.

West Oil Software компаниясы аталган мунай кенин иштеткен «Казмунайгаз» компаниясына сервисттик кызмат көрсөтөт.

Буга чейин Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында "КЕЗБИ" мунай компаниясынын жумушчулары дагы иш таштаган. Алар эмгек шартын жакшыртууну жана маянаны көбөйтүүнү талап кылышкан.