Чек ара: Максаттагы 60 үй-бүлө жаңы тамдуу болушту

Максат айылында курулуп жаткан үй. 23-июль, 2021-жыл.

Баткендин Лейлек районундагы Максат айылында 60 үй-бүлө жаңы бүткөн үйгө көчүп киришкенин “Кабар” маалымат агентиги жазды.

Маалымат агенттиги, 31-августка чейин дагы 140 үйдү бүтүрүү пландалып жатканын кабарлады.

Максат айылы - Баткен облусундагы Тажикстан менен чектеш эң четки айылдардын бири. Анда чек ара сызыгы толук такталып бүткөн эмес. 28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта бул айылда жалпы жолунан 80ден ашык үй талкаланган. Ал эми облус боюнча талкаланган үйлөрдүн саны 136га жеткен, мындан тышкары социалдык мекемелер, дүкөндөр кыйраган.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак-жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Үч ай мурдагы чек ара жаңжалында 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун расмий билдирген. (TSh)