ӨКМ: Нарын, Ысык-Көлдө сел жүрөт

Аксы, 13-июль, 2021-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) чукул билдирүү таратып, 24-25-август күндөрү Ысык-Көл, Нарын облустарындагы жана тоо аймактарында нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучун эскертти.

Акыркы эки айда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында сел жүрүп, миллиондогон чыгымдарды алып келди. Өткөн айда сел кырсыгынан 10 адам каза болду. Суу нугунан ашып автоунаа, айдалган эгиндер, жол, суу куурлары, көпүрөлөр жарактан чыкты. ӨКМнын маалыматында, Кыргызстанда 20 миңдей адам жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт. (TSh)

Дагы караңыз

Жапаров “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамга кол койду Улуттук Борбор: Өзгөндө өспүрүм 25 күндөн бери убактылуу кармоочу жайда жататБишкек - Ош жолундагы кырсыктан 9 киши каза болдуЖККУ: Жапаров коопсуздук аракеттеринде биргелешип иш-алып барууну белгиледи