Таласта СССРдин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата акындардын республикалык айтышы 23-августта жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Байге фонду 1 млн сомду түзгөн айтыштын тандоо туруна 43 акын катышкан, алардын 16сы жарышка түшкөн. 16нын ичинен сегизи кийинки турга тандалып алынып, калган сегизине 20 миң сомдон тапшырылды.
Бүгүн 23-августта сегиз акындын арасынан төртөө байгелүү орундарды ээлеп, калган төртөөнө 35 миң сомдон ыгарылды.
Баш байге Амантай Кутманалиевге тийди. Ага 200 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырылды.
1-орунду ээлеген Азамат Болгонбаевге 150 миң сом, 2-орундагы Асылбек Маратовго 100 миң жана 3-орундагы Жылдызбек Төрөкановго 50 миң сом тийди.
Иш-чараны коомдук ишмер Райкан Алканов колдоого алган. (MKt)
Дагы караңыз
Өзбекстан сыртка алтын сатууну кайра токтоттуCNN: Кабулдун аэропортуна АКШ менен НАТОго мүчө мамлекеттердин жарандары гана киретЖети өрөөндү бириктирген кол өнөрчүлүкКиевде "Крым платформасы" саммити башталды