Кабул аэропортунун айланасында ооган коопсуздук күчтөрү менен сырттан келген белгисиз адамдардын ок атышуусунан бир күзөтчү окко учуп, үчөө жарадар болгону кабарланды.
Ооган коопсуздук күчтөрүнө аэропорттун түндүк дарбазасы жагынан кирип келген белгисиз адамдар ок чыгарган. Алар аэропортту сыртынан күзөтүп жаткан талибдер жана башка согушкерлер экени белгисиз.
16-августтан бери Кабул аэропортун сыртынан күзөтүп турган талиб жоочулары ооган коопсуздук күчтөрүнө же чет элдик аскерлерге карата бир дагы ок чыгарган эмес.
Бул тууралуу Германиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы "Твиттер" аркылуу маалымат таратты.
Heute Morgen um 04.13Uhr MESZ kam es am North Gate des Flughafens #Kabul zu einem Feuergefecht zwischen afghanischen Sicherheitskräften und unbekannten Angreifern. Eine afghanische Sicherheitskraft wurde dabei getötet, drei weitere verwundet. pic.twitter.com/4FLILE1NVA
— Bundeswehr im Einsatz (@Bw_Einsatz) August 23, 2021
Маалыматка ылайык, бул жарым сааттан ашуун убакытка созулган ок атышуу 23-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрттөр чамасында болду.
Бул күтүүсүз кол салуунун мизин кайтаруу үчүн ооган коопсуздук күчтөрүнө америкалык жана немис аскерлери дагы көмөк көрсөткөн. Алардын арасынан жабыркагандар жок.
Азыркы учурда атышуунун себептери такталып жатат.
“Талибан” кыймылынын жоочулары 15-августта Ооганстандын борбору Кабулду ээлеп, президенттик сарайды согушсуз бошотуп алган. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени жарыяланган соң, талибдер өлкө боюнча көзөмөл колго алынганын билдирген.
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө сабалган эс алуучулар боюнча териштирүү башталдыАба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайтАхмад Масуд талибдердин талабын четке кактыБайден: бир жумада 28 миң киши Ооганстандан чыгарылдыЧек арада автоунаага таш ыргытылган окуя боюнча иш козголду