ЖККУ Ооганстан маселесин талкуулайт

ЖККУнун онлайн саммити. 2-декабрь, 2020-жыл.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин президенттери 23-августта видеоконференция форматында чогулуп, Ооганстандагы окуялардын өнүгүшүн талкуулайт. Бул тууралуу ТАСС маалымат агентиги жазды.

Орусия президенти Владимир Путин Москвада Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен жолуккан учурда ЖККУга мүчө мамлекет башчылары Ооганстандагы абалды, аймактагы коопсуздукту талкуулашарын билдирген.

ЖККУ уюму 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. (TSh)

Дагы караңыз

Казакстандагы аскердик машыгууга президент Токаев катыштыБаткен: Эки-Ташта белгисиз бирөөлөр машинелерди таш менен урдуАнгела Меркел Москвадан кийин Киевге барат