Бүгүн, 23-августта Токиодо өткөн Олимпиадада оюндарында байгеге ээ болгон спортчуларды сыйлоо аземи өтөт. Ага президент Садыр Жапаров катышат.
Иш-чара КТРК жана жана облустук телеканалдардын түз эфиринде саат 10:00дө түз эфирде берилет.
Жапониядагы Жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алды.
Кыргызстан Олимп оюндарында эки күмүш, бир коло медалга ээ болуп, Борбор Азия боюнча Өзбекстандан кийин экинчи орунду ээледи. Мамлекет алтын медал тагынгандарга 10 миллион сом, күмүшкө 7 миллион сом, коло үчүн 5 миллион сом сый акы убада кылган. (TSh)
Дагы караңыз
Таласта акындардын республикалык айтышы башталды Өзбекстанда дагы 400 ооганга утурумдук башпаанек берилди