Аба ырайы: өткүн өтүшү мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз жана кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй дубанында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылуу болот.

23-августта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Ангела Меркел Москвадан кийин Киевге баратОрус полициясы басма сөз эркиндигин талап кылган журналисттерди кармадыОрусиянын жараны Жапонияга сүзүп барып башпаанек сурадыТалибдердин лидерлери жана саясаты