Ангела Меркел Москвадан кийин Киевге барат

Германия канцлери Ангела Меркел менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Москвадагы жолугушуусу.

Германиянын канцлери Ангела Меркел бүгүн, 22-августта Украинага барат. Эки күн мурда ал Киев менен карым-катышы муздап кеткен Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путинге жолуккан.

Украинада ал президент Владимир Зеленский менен жолугат.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялаганда Меркел Киевдин башкы колдоочусуна айланган. Ал Путин менен жолугушууда "кызматтан кетсе да Украинанын бүтүндүгү үчүн аракетин улантарын" айтты.

Донбасстагы конфликт зонасы тууралуу да сөз болду. Эки лидер Ооганстандагы кырдаалды да талкуулашты.

Быйыл сентябрь айында 2005-жылдан бери канцлер болгон Меркел кызматын өткөрүп берет. (BCh)

Дагы караңыз

Орусиянын жараны Жапонияга сүзүп барып башпаанек сурады"Талибан" Кыргызстан үчүн коркунучтуубу?Талибдердин лидерлери жана саясаты21 жаштагы спортчу Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүгө чыктыВирустан алты бейтап каза болуп, 244 кишиден аныкталды