21 жаштагы спортчу Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүгө чыкты

Владислав Шулико.

Сууда сүзүү боюнча спорттун эл аралык чебери, 21 жаштагы кыргызстандык суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан 180 чакырым аралыкка сүзүп, дүйнөлүк рекорд жаратууну көздөп жатат.

Ал бүгүн, 22-август күнү Каракол шаарынан таңкы саат 7.30да Балыкчы тарапты көздөй сүзүп жөнөдү.

Спортчу аба ырайын жана башка факторлорду эске алуу менен көздөгөн жерге 4-5 күндө жетем деп максат коюп жатканын билдирди.

Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн Облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрөт.

Буга чейин 2018-жылы алты киши Ысы-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине сүзүп өтүү боюнча эл аралык Issyk-Kul Swim Challenge жарышына катышкан.

Алардын бири Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков. (KS)

Дагы караңыз

"Головной" тилкесинде тажик тарап жер казууну токтотту"Талибан" идеологиясынын Кыргызстанга коркунучу Оор дарт менен кыймылдап күрөшкөн жигит “Мугалимдин маянасы бир айга өп-чап жетет”Ооганстандагы түрк аскерлери Тажикстанга эвакуацияланды