Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан качкан эки миңдей адам башка өлкөлөргө эвакуация болгонун кабарлады.
Азыркы тапта Өзбекстан Германия, Орусия, АКШ, Швейцария, Австрия, Дания, Польша, Венгрия, Словакия жана Казакстан менен аба майдандарды жана асман коридорлорун орток колдонуп, качкындарды ташуу боюнча кызматташып жатат.
"Чет элдик өнөктөштөр менен Ооганстандын атуулдарын Өзбекстандан транзиттик жол менен алдын ала макулдашылган өлкөлөргө жиберебиз", - деп билдирди өзбек ТИМи.
Кыргызстанда УКМК Ооганстандан качкындар келе электигин 20-августта кабарлаган. Ушул тапта мурда келген 500дөй ооганстандык атуул бар.
19-20-августта Кыргызстандагы ондогон ооган качкындары АКШ элчилигинин имараты менен БУУнун кеңсесинин алдында акция өткөрүшкөн.
Кошмо Штаттар 14-августтан бери 9 миң адамды эвакуациялады. Алардын 3 миңи 19-августта Кабул аэропортунан учуп кетти. НАТО билдиргендей, баарын кошкондо беш күндүн ичинде баш-аягы 18 миңдей киши Ооганстандан чыгарылды.
Дагы 6 миңдей адам учуп кетүүгө даяр турат. Алардын арасында чет өлкөлүк күчтөргө жардам берген котормочулар да бар. (BCh)
Дагы караңыз
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Билимбек кызы күмүш, Жуманазарова коло байге алдыАтайын кызмат качкындар жөнүндө аңызды четке кактыТүркия жана Грекия чек араларын бекемдөөгө киришти Германия Кыргызстанга COVID-19га каршы 110 миң доза вакцина берет