Эгемендиктин балдары: Диёр Маруфинин үмүтү жана кыялы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан эгемендик алган жылдарда туулуп-өскөн жаңы муун өсүп, жетилди. Алардын алды 30 жашка чыкты. Советтер Союзу деген мамлекетти тарых китептеринен гана окуп, жаш, телчигип келаткан Кыргызстан менен киндиктеш жаштардын катарында Диёр Маруфи да бар. Ал – Ош шаарынын тургуну катары көп улуттуу, колоритке, маданиятка бай чөйрөдө турмушун өткөрүп жаткандардын бири.