20-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын жана Талас шаарында өтүүчү республикалык айтыштын тандоо туру чогуу өттү. Бишкектеги “Манас” кинотеатрында өткөн тандоо туруна өлкө боюнча жалпысынан 44 акын катышты.
44 акындын ичинен 16 акын кийинки турга жолдомо алды. 16 акындын ичинен жогорку упай алган 8 акын 30-31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүүчү эл аралык казак-кыргыз айтышына катышат. Эл аралык айтыш эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен бирге эле “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына, кыргыздын белгилүү акыны Жеңижок Көкө уулунун 160 жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган. Бул айтышка төмөнкү 8 акын катышат:
Ал эми 16 акындын ичинен төмөнкү 8 акын 22-23-августта Талас шаарында өтүүчү Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган республикалык айтышка жолдомо алды. Алар:
Филармонияда өтүүчү эл аралык айтыштын байге фонду 3 млн. сомду түзсө, Таластагы республикалык айтыштын байгеси бир млн сом. (MZh)
Дагы караңыз
Мишустин орус тилинин Кыргызстандагы расмий макамынын маанисин белгиледи "Окуялар, адамдар": демократиялык кыймылдын жаралышыӨзбекстанда ооган качкындары үчүн лагерь ачылдыАбыкеев: Президент саясий куугунтукка аралашкан жокAmnesty International: талибдер хазарларды өлтүргөн