Навальный Батышты глобалдык коррупцияга каршы чара көрүүгө үндөдү

Алексей Навальный.

Орусиянын абакта жаткан оппозиционер лидери Алексей Навальный Батыш өлкөлөрүн глобалдык коррупцияга каршы чара көрүүгө чакырды. 19-августта ууландырылганынын бир жылдыгына карата кайрылуусунда ал дүйнөдөгү ири көйгөйлөрдүн көбүнүн себеби коррупция экенин белгиледи.

Навальный Батыштын лидерлери согушка, жакырчылыкка, миграцияга, климат проблемаларына, куралданууга каршы аракет көрүп жатканы менен андан да орчундуу болгон жемкорлук көйгөйү бар экенин, бирок күн тартибинде бул маселе биринчи орунга коюлбай келе жатканын айтты.

45 жаштагы Алексей Навальный былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал нерв системасын шал кылуучу "Новичок" уулуу заты менен ууландырылганы белгилүү болгон. Бирок орус бийлиги мындай маалыматты четке каккан.

Навальный Берлиндеги клиникага жеткирилип, быйыл январда Москвага кайтканда камакка алынган жана 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган. (RK)

Дагы караңыз

Ооганстан: "Талибан" имамдарды жума намазында элди биримдикке үндөөгө чакырды ЕАЭБди күчтөндүрүү сунушталды Адвокат: Атамбаевдин саламаттыгы боюнча экспертиза создугуп жататОоганстан: туу алмаштыруудан тутанган тиреш