Чолпон-Атада өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алкагында бүгүн, 19-августта президент Садыр Жапаров Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгиледи.
Илим-техникалык, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык байланышты чыңдоого багытталган өкмөттөр аралык кеңешмени тез арада өткөрүү зарылдыгын билдирди.
Пашинян ЕАЭБдин алкагында кызматташтыкты күчөтүүнү колдой турганын айтты.
19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтөт.
Жыйынга Армениянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.
Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышмакчы.
Жыйында уюм ичиндеги соода кызматташтык, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.
ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (BCh)
Дагы караңыз
Жеңиш чокусунда жоголгон альпинист табыла элекЖалал-Абад: Пара алууга шектүү окутуучунун айыбы угузулдуДүйнө өлкөлөрү Ооганстандагы аялдардын абалына тынчсызданды Кремлдин "Талибанга" карата кубулма саясатыОрусия менен Казакстандын өкмөт башчылары Кыргызстанга келди