Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна катышуу максатында Кыргызстанга келди. Алардын учактары Ысык-Көлдөгү "Тамчы" эл аралык аэропортуна бүгүн, 19-августта, түштөн кийин конду.
Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустинди энергетика министри Доскул Бекмурзаев, Казакстандын премьер-министри Аскар Маминди инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов тосуп алды. Аларды президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев коштоп жүрдү.
Буга чейин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Беларустун премьер-министри Роман Головниченко келди.
19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке(ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити болот.
Жыйынга Армениянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.
Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышат.
Жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.
ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (ZKo)
Дагы караңыз
ЕАЭБ саммитинин катышуучулары Чолпон-Атага келе баштадыШИИБ: Султанбековго кол салуу боюнча арыз түшкөн жокКыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыяны рубль менен да берет"Чемпион", "сөгүнчөөк"... Мэрликке көрсөтүлгөндөрдүн таржымалыГКЧП кутумуна 30 жыл Орусияда аскердик учак куладыИнандынын өлкөдөн кантип чыгарылганы иликтене баштады Милиция: Ажатканада табылган ымыркайдын энеси зордуктоого кабылганын айтууда