Орусияда аскердик учак кулады

Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Астрахан облусунда МиГ-29 үлгүсүндөгү аскердик учак кулап, учкучу набыт болду. Шаршембиде учак пландалган машыгууну өткөрүп жатканда кырсыкка кабылган. МиГ-29 Ашулук полигонунун аймагына кулаган.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыкка учактын тетиктеринин иштен чыгышы себеп болгон. Учурда кырсыктын себептерин аныктоо иштери башталды.

Эки күн мурун Москва облусунда Ил-112В үлгүсүндөгү жүк ташуучу учактын жаңы үлгүсү кулаган эле. Машыгуу учурунда кыймылдаткычы өрттөнүп, конгонго жетишпей калган. Учактагы экипаждын үч мүчөсү тең мерт болгон.

Дагы караңыз

Инандынын өлкөдөн кантип чыгарылганы иликтене баштады Милиция: Ажатканада табылган ымыркайдын энеси зордуктоого кабылганын айтуудаАКШ БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына онлайн катышууга чакырдыГКЧП кутумуна 30 жыл Акылбек Жапаров ЕАЭБ алкагында доллардан баш тартууну сунуштады