АКШ дүйнөдөгү мамлекеттердин жетекчилерин сентябрдагы БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына видеоконференция түрүндө катышуу мүмкүнчүлүгүн кароону чакырды. Мындай чара коронавирусту жайылтпоо максатында сунушталууда.
Кошмо Штаттардын БУУнун 192 мүчө-өлкөсүнө жолдогон катында Башкы ассамблеядан башка жолугушуу жана жыйындарды онлайн өткөрүүгө чакырык камтылган.
«Эгерде делегациялар Нью-Йорктогу жыйынга катышууну чечишсе, анда аз адамды алып келүүнү суранабыз»,-деп жазды АКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас-Гринфилд.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны 21-27-сентябрда Нью-Йоркто өтөт. Учурда АКШдагы эпидемиологиялык кырдаал начарлап, калктын көпчүлүгү коронавируска каршы эмделгенине карабай, аны жугузуп алгандар көбөйүүдө.
БУУнун былтыркы жыйынында пандемиядан улам дүйнө лидерлери видеокайрылуу гана жолдошкон.
Дагы караңыз
Советтер союзунда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине 30 жыл болдуАкылбек Жапаров ЕАЭБ алкагында доллардан баш тартууну сунуштадыТалибдер Кабул аэропортуна оогандыктарды киргизбей жатканы кабарландыКремлдин "Талибанга" карата кубулма саясатыБУУ Ооганстандагы кызматкерлерин Казакстанга көчүрдү