ЕАЭБ саммитинин катышуучулары Чолпон-Атага келе баштады

Беларус премьер-министринин учагы "Тамчы" эл аралык аэропортунда. Ысык-Көл. 19-август, 2021-жыл.

Ысык-Көл облусунда 19-20-августта боло турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна катышуучулардын алды "Тамчы" эл аралык аэропортуна келе баштады. Алгачкылардан болуп, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын учагы көл жээгиндеги аба майданына конду. Андан кийин Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко келип түштү. Конокторду президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн коштоосунда тосуп алды.

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити болот.
Жыйынга Армениянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.
Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышмакчы.

Жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтык, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.(ZKo)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров ЕАЭБ алкагында доллардан баш тартууну сунуштадыМосквада киши колдуу болгон кыргыз кыздын иши элчиликтин көзөмөлүндөТалибдер Кабул аэропортуна оогандыктарды киргизбей жатканы кабарландыКремлдин "Талибанга" карата кубулма саясатыБУУ Ооганстандагы кызматкерлерин Казакстанга көчүрдүАвгусттун аягында кыргызстандыктар төрт күн эс алат"Чемпион", "сөгүнчөөк"... Мэрликке көрсөтүлгөндөрдүн таржымалыIT жана инновациялык чечимдерди колдогон сынак