Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формасы тапшырылды. Облустук администрациянын маалыматына караганда, 18-августта Сузак районунда жакыр үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан, ата-энесинен ажыраган 200 балага жаңы окуу жылына карата мектепке кие турган кийим бекер тапшырылды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев демилге кылган бул акцияга демөөрчүлөр жардам берип жатканы маалымдалды.
Алдыда облус аймагындагы башка район-шаарларда да калктын саны эске алынган шартта жалпы 800 балага форма жеткирилет.
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу жабылган мектептер быйыл кайрадан ишин кадимки тартипте улантканы жатат. Окуу жылы 15-сентябрда башталат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстанда кедейликтин деңгээли 25% болгон, 2019-жылга салыштырганда бул 5% жогору.
Кедейлик деңгээли боюнча эң жогорку көрсөткүч Жалал-Абад облусунда. (TB)
Дагы караңыз
"Акыркы көч" көркөм тасмасы эл аралык фестивалга катышатСадыр Жапаров Ысык-Көл облусунда иш сапар менен болотЫсык-Көлдө Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин саммити башталатЖети айда 55,5 млрд. сом салык жана төлөмдөр чогулду