Кыргызстандык режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" тасмасы Андрей Тарковский атындагы эл аралык XV "Зеркало" кинофестивалына катышат.
Бул тууралуу тасманын режиссёрлорунун бири Дастан Жапар уулу «Азаттык» радиосуна билдирди.
Кинофестивал Орусиянын Иванов облусунда 2021-жылдын 27-августунан 31-августуна чейин өтөт. Ага Кыргызстандан сырткары Орусия, Монголия, Болгария, Германия, Британия жана башка өлкөлөрдүн тасмалары катышат.
“Акыркы көч” - Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен “Билимкана” коомдук фонду биргелешип өндүргөн чыгарма болуп саналат.
Тасманын бет ачары Кыргызстанда 1-сентябрда өтөт. (MZh)
Дагы караңыз
Жети айда 55,5 млрд. сом салык жана төлөмдөр чогулдуКазандагы кинофестивал Айтматов тууралуу даректүү тасма менен ачылатБанктык эсептерге байланыштуу опурталдуу кодексАКШ Кыргызстандагы 150 ооган студентинин окуу акысын төлөп берүүгө даяр