Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда иш сапар менен болот

Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна иш сапары 19-21-август күндөрү болот. Сапар алкагында мамлекет башчы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышат. Өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Бүгүн 19-августта мамлекет башчы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) саммитинин алкагында уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.
Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэл Марреро Крус катышат.

Жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.(ZKo)

Дагы караңыз

Жети айда 55,5 млрд. сом салык жана төлөмдөр чогулдуКазандагы кинофестивал Айтматов тууралуу даректүү тасма менен ачылатБанктык эсептерге байланыштуу опурталдуу кодексАКШ Кыргызстандагы 150 ооган студентинин окуу акысын төлөп берүүгө даярCOVID-19: 249 адам жаңы катталып, 6 киши көз жумду Байден: Аскерлер чыккандан кийин Ооганстанда башаламандык болбой койбойт элеУКМК: Ниязов өзүн саясий туткун катары көрсөткүсү келүүдө