Европа Биримдиги алардан баш калка алыш үчүн Беларус аркылуу өтүп кирүүгө аракет жасаган адамдарга карата мамилеси үчүн белорус бийлигин “агрессивдүү” деп айыптады.
Евробиримдиктин ички иштер министрлери 18-августта чукул жыйынга чогулуп, Беларус “адамдарды өзүнүн саясий максаттары үчүн пайдаланып жатат” деп билдиришти жана түзүлгөн кырдаалга жараша жооп кайтаруу жагын кошумча караштырарын белгилешти.
Быйыл жыл башынан бери Евробиримдикке мүчө Литвага чек ара талаптарын бузуп Беларус аркылуу 4100 адам, негизинен Ирактын тургундары өткөн. Латвия менен Польшада да Беларус аркылуу барган мигранттар көбөйүүдө.
Польша жакында Беларус менен чек арасындагы мигранттардын күчөгөн агымына байланыштуу ал жакка 900 аскерин жөнөттү.
Литва Минскиге дипломатиялык нота жиберип, белорус офицерлери чек ара талаптарын бузуп жатканына нааразылыгын билдирди. (RK)
Дагы караңыз
УКМК: Ниязов өзүн саясий туткун катары көрсөткүсү келүүдөСайназаров: Ооганстанды изоляцияда калтырбаганга аракет кылуу керекКыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 900 миңден ашты ИИМ: Чолпон-Атадагы саммитке байланыштуу жолдор улам жабылып турат