Бишкек: мэрликке талапкер каттоо аяктоодо, азырынча бир арыз түштү

Бишкек мэриясы.

Бишкек шаарынын мэрлигине алгачкы жана азырынча жалгыз талапкердин документтери тапшырылды. Борбордук шайлоо комиссиясы 17-августта билдиргендей, Министрлер кабинети менен шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын атынан мэрлик кызматка талапкер катары каттоо үчүн азыр шаар башчысынын милдетин аткарып жаткан Айбек Жунушалиевдин документтери келип түштү.

10-августта башталган документтерди кабыл алуу жараяны 18-августта кечки саат алтыда жыйынтыкталат.

Талапкер тууралуу арызга аны көрсөтүү жөнүндө чечим, жогорку билими, соттолбогону, кыргыз тилин билгендиги жөнүндө расмий документтер тиркелиши керек.

Бишкек шаардык кеңешинде мэр шайлоо 26-августта өтөт. Ушул эле күнү Ош жана Токмок шаарларында да мэр шайлоо болот. Аталган үч шаарда жергиликтүү кеңештердин жаңы курамы 11-июлда шайланган.

2020-жылдын октябрь айындагы Кыргызстандагы бийлик алмашуудан бери, соңку он ай ичинде, Бишкекте сегиз адам мэрдин милдетин аткаруучу болду. Алардын айрымдары бул кызматта бир сутка да иштеген жок.

45 жаштагы Жунушалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан. Борбор калаага жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен 12-августта дайындалган. (RK)

Дагы караңыз

Баткен: Кыргыз жана тажик милиционерлери биргелешкен күзөткө чыга башташты Молдокматовдун оорусу, Атамбаевдин кайрылуусу Ооганстандан кыргыздар алынып келе баштады | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 17.08.21