Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы туруксуз абалдан улам тогуз кыргызстандык эвакуацияланганын маалымдады. Учурда башка жарандарды алып келүү боюнча иштеп жатканын кабарлады.
«17-августта элчиликтин жардамы менен Кыргыз Республикасынын тогуз жараны эвакуацияланды. Калган жарандар коопсуз жайда. Учурда аларды Кабулдагы Кыргызстандын дипломатиялык мекемесинин имаратына алып келүү иштери жүрүп жатат», - деп айтылат билдирүүдө.
Мекеме Ооганстандагы памирлик кыргыздардын виза жана эвакуация жөнүндө кайрылуусу боюнча маалымат текшерилип жатканын кошумчалады.
АКШ баштаган эл аралык коалиция Ооганстандагы күчтөрүн 1-майдан тарта чыгарып кете баштаган. Талибдердин аракети ошондон тартып күчөп, анын аягы Кабулду алуу менен аяктады. Аскерлерди чыгарып кетүү жараяны 11-сентябрда аяктай турганы айтылган. Бирок кырдаалга байланыштуу ушул айда Ооганстандан толук чыгарылганы жатат. (TSh)
Дагы караңыз
Токиодогу Паралимпиадага Кыргызстандан эки спортчу баратЧек ара кызматы: жоокер өзүн-өзү төшкө аткан "Мегакомду" сатуу боюнча комиссия түзүлөтКыргызстан памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр COVID-19: вирустан дагы 6 киши каза болду