Орусиянын миграциялык кызматы Санкт-Петербургдагы Невский районунда калайман мушташка катышкан деген Тажикстандын 33 жараны жакында депортациялана турганын билдирди.
Ал эми атын атагасы келбеген тажик өкмөтүнүн өкүлү "Озоди" тажик кызматына калайман мушташка катышкан жарандар депортациялана турганын ырастаган.
Санкт-Петербург шаарынын эл аралык мамилелер жана миграциялык саясат боюнча комитетинин төрагасы Олег Капитанов соттун чечимин күтүп жатышканын билдирди. Ал эми чет элдиктер учурда убактылуу кармоочу жайда турушат.
Шаардык администрациянын расмий сайтында быйыл июль айынын аягында тажик жарандары менен чечендердин ортосундагы кагылышууга жүздөн ашуун адам катышып, анын ичинен кырк адам кармалганы кабарланган.
Дагы караңыз
Кабул: аэропорттогу башаламандыкта жети киши каза болду"Талибандан" качкан оогандар, аэропорттогу дүрбөлөңЭгемендиктин балдары: кусага толгон жылдарОшто айдоочуга кол салган милиция кызматкеринин иши тергелүүдөТүркия 324 жаранын Ооганстандан чыгарып кетти