16-августта Кабул аба майданында өлкөдөн чыгып кетүүгө ашыккан адамдар кымгуут түшүп, аэропортто тыгын пайда болду. Аэропортко агылып, учуу тилкесине чейин кирип барган кишилердин башаламандыгы учурунда жети адам тебелендиде калып каза болду.
Интернетке тараган тасмада адамдар жылып бараткан учакка жармашып, ичине кирүүгө аракет жасаганын көрүүгө болот.
Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени айтылганы менен анын азыр каякта экени белгисиз. Гани "кан төгүлүшүн алдын алуу үчүн" өлкөдөн чыгып кеткенин дүйшөмбүгө караган түнү "Фейсбукка" жазды. Анда ал оор чечим кабыл алууга туура келгенин белгилеген. Гани эгерде Кабулда калса, "көп адам мерт болуп, баш калаа кыйроого учурамак" деп айтты.
"Талибдер кылычынын жана мылтыгынын өкүмү менен жеңип чыкты. Эми алар мекендештеринин намысы, мүлкү жана коопсуздугу үчүн жооптуу", - деп жазды Гани.
Талибан жоочулары Кабулду 15-августта ээлеп алды. Алар алгач шаарды ар кайсы тарабынан курчоого алган. Өз ара сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ооганстандагы президенттик сарай толугу менен алардын колуна өткөнү жарыяланган.
Дагы караңыз
Ошто айдоочуга кол салган милиция кызматкеринин иши тергелүүдөТүркия 324 жаранын Ооганстандан чыгарып кеттиӨзбекстанда чек араны бузган учак атып түшүрүлдү "Талибдер ички көйгөйлөрү менен гана алек болот"Учактар Ооганстандын аба мейкиндигин айланып өтүүдө