Түркия 324 жаранын Ооганстандан чыгарып кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Түрк бийлиги Ооганстандагы түркиялыктарды чыгарып кетүү үчүн атайын учак жөнөттү. 16-августта бул учак менен 324 түрк жараны Кабулдан Стамбулга кайтты.

Негизинен Түркиянын Ооганстандагы элчилигинин дипломаттары, инжинерлер жана курулушчулар эвакуацияланды. Стамбул аэропортуна конгон учактагы жарандар толугу менен обсервацияга алынары кабарланды.

Ооганстанда учуп-конууларды аскерлер көзөмөлгө алууда. Бир катар мамлекеттер өздөрүнүн жарандарын өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракеттенүүдө.

16-августта Ооганстандын жарандык авиация башкармалыгы Кабулдун үстүнөн учуп өтүү “көзөмөлсүз жана коопсуз” экенин билдирди. Айрым чет элдик авиакомпаниялардын учактары Ооганстандан айланып учуп, бул өлкөнүн аба мейкиндигине кирүүдөн абайлап жатышат.

"Талибанды" жоочулары Кабулду 15-августта ээлеп алды. Алар алгач шаарды ар кайсы тарабынан курчап, камоого алып келип, өз ара сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ооганстан толугу менен алардын колуна өткөнүн жарыялаган. (ElB)

Дагы караңыз

Өзбекстанда чек араны бузган учак атып түшүрүлдү Кыргызстан ооган качкындарын кабыл ала алат"Талибдер ички көйгөйлөрү менен гана алек болот"Ооганстан: Кыргызстанга туулган коркунуч"Талибандан" качкан оогандар, аэропорттогу дүрбөлөң