Өзбекстандын Дин иштери башкармалыгынын башчысы, муфтий Усманхан Алимов 71 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн өттү.
Башкармалыктын басма сөз кызматынын маалымдашынча, Алимов өпкө оорудан улам Москвадагы клиникалардын биринде дарыланып жаткан. Дарылануу учурунда анын өпкөсү кагынып, оорусу күчөп кеткен, анын кесепетинен көз жумганы кабарланды.
Усманхан Алимов 1950-жылы Самарканд облусунда туулган. Ал Бухарадагы медресени аяктап, андан соң Имам аль-Бухари атындагы Ташкенттеги Ислам институтун артыкчылык менен бүтүргөн. 1990-жылы Мароккодогу Каравийин жогорку диний окуу жайында билимин уланткан.
Андан кийин Самарканддагы Имам аль-Бухари мечитинин имамы, облустун казысы кызматын аркалап жүрүп, 2006-жылы Өзбекстандын Дин иштери башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.
2018-жылы Алимов дүйнөдөгү эң таасирдүү 500 мусулмандын тизмесине киргизилген.
Дагы караңыз
Учур жана келечек алдындагы кымбат жоопкерчиликКулакка тартуу саясаты жана сүргүнУчактар Ооганстандын аба мейкиндигин айланып өтүүдөОрусия: аянт жөнүндө билдирүү жазган мугалим тергөөгө чакыртылдыТалибан Ооганстанда согуш аяктаганын жарыялады