Учактар Ооганстандын аба мейкиндигин айланып өтүүдө

Кабулдун аэропорту. 16-август, 2021-жыл.

Ооганстандын жарандык авиация башкармалыгы коммерциялык рейстерди аткарган учактарга өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу учпай, каттамды өзгөртүүнү сунуштады.

Ооганстандан учуп-конууларды аскерлер көзөмөлгө алууда. Бир катар мамлекеттер өздөрүнүн жарандарын өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракеттенүүдө.

16-августта Ооганстандын жарандык авиация башкармалыгы Кабулдун үстүнөн учуп өтүү “көзөмөлсүз жана коопсуз” экенин билдирди.

Айрым чет элдик авиакомпаниялардын учактары Ооганстандан айланып учуп, бул өлкөнүн аба мейкиндигине кирүүдөн абайлап жатышат.

"Талибанды" жоочулары Кабулду 15-августта ээлеп алды. Алар алгач шаарды ар кайсы тарабынан курчап, камоого алып келип, өз ара сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ооганстан толугу менен алардын колуна өткөнүн жарыялаган.

Дагы караңыз

Орусия: аянт жөнүндө билдирүү жазган мугалим тергөөгө чакыртылдыТалибан Ооганстанда согуш аяктаганын жарыяладыТоктогул суу сактагычында 11, 948 млрд. куб метр суу барБишкекте түнкү клубда кызга кол көтөргөн чет элдик жаранга иш козголдуОюн-зоок борборунда кызматкер кызга кол көтөргөн киши бир айга камалды