Ооган аскерлери Тажикстанга учуп өттү

Ооганстандын аскер тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт

16-августка караган түнү 143 ооган аскери тик учак менен өлкөдөн учуп чыгып, Тажикстандын Хатлон облусунун Бохтар аэродромуна конду. Бул тууралуу "Озоди" тажик кызматы билдирди.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги булактар ооган качкындары жергиликтүү университеттин жатаканасына жайгаштырылганын билдирди.

“Алардын арасында эки аял бар, кечээ кечинде учуп келишти. Азыр башка жакка которуу маселеси каралууда. Бирок чечим кабыл алына элек”, – деди атын атагысы келбеген маалымат булагы.

Анын айтымында, ооган аскерлери 3 учак жана эки тик учак менен Тажикстанга учуп келген. Жанында ар түрдүү 55 курал-жарак да болгон. Алар президент Ашраф Гани өлкөдөн качып, баш калаа Кабул алынган соң, Тажикстанга учуп өтүшкөн.

Дагы караңыз

Тажик бийлиги Ашраф Гани Дүйшөмбүгө келгенин четке кактыСадыр Жапаров Ооганстандагы абалга көз салып туратТашиев: 500дөй ооган студентине виза берүүгө даярбызCOVID-19: 237 адамдан вирус аныкталдыЫсык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам көз жумду