Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам көз жумду

Иллюстрациялык сүрөт

16-августка караган түндө Балыкчы - Ананьево - Каракол жолунун Корумду аймагында "Мазда" жана "Ауди" үлгүсүндөгү унаалар кагышып, "Аудинин" 24 жаштагы айдоочусу менен 20 жаштагы жүргүнчүсү каза болгон. Дагы төрт киши ооруканага жеткирилген.

15-августта саат 15:00 чамасында Балыкчы - Ананьево - Каракол жолунда Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда бараткан унаа оодарылып, 80 жаштагы карыя каза тапкан. Беш киши түрдүү жаракат менен Балыкчыдагы ооруканага жеткирилген. Арасында алты жаштагы бала бар.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда алты миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши мерт болгон.

Быйыл алты айда 3400дөй жол кырсыгы катталып, 329 киши көз жумду.

Ички иштер министрлиги авариянын 80% айдоочулар күнөөлүү экенин билдирген. (KS/ZKo)

Дагы караңыз

Ооганстан: талибдер Кабулга кирди, Гани өлкөдөн чыгып кеттиТалибдер курчаган Кабулда кыргыздар да бар Миргазы Исаков Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болдуАктивисттер "Кумтөр" боюнча АКШ элчилигинин алдына акцияга чыктыПара жөнүндө айткан мурдагы кызматкер президент менен жолугушуу пландалганын билдирдиКоргоо министрлиги аскердик машыгуу өткөрүүдө Кыргызстанда коронавируска каршы 852 476 адам эмделди Акимдерге жолтандабас алынбай турган болдуCOVID-19: 237 адамдан вирус аныкталдыCOVID-19: Иран алты күндүк обочолонуу жарыялады