Гүлмира Абдралиева Мамлекеттик камсыздандыруу уюмун жетектейт

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Гүлмира Абдралиева Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси болуп дайындалды.

Быйыл февралда Транспорт, архитектура жана байланыш министри болуп дайындалган Гүлмира Абдралиева башка ишке өткөнүнө байланыштуу деген жүйө менен министрлик кызматынан 10-августта бошотулган.

Анын ордуна министр болуп 45 жаштагы Эркинбек Осоев дайындалды. Осоев аталган мекемеде 2006-2017-жылдары иштеп, бир жылча министрдин орун басары болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Талибдер курчаган Кабулда кыргыздар да бар Активисттер "Кумтөр" боюнча АКШ элчилигинин алдына акцияга чыктыПара жөнүндө айткан мурдагы кызматкер президент менен жолугушуу пландалганын билдирдиКоргоо министрлиги аскердик машыгуу өткөрүүдө "Аялдар үчүн парламентте 16 мандат жетишсиз" Кыргызстанда коронавируска каршы 852 476 адам эмделди Акимдерге жолтандабас алынбай турган болдуCOVID-19: 237 адамдан вирус аныкталдыБУУнун Коопсуздук кеңеши Ооганстан боюнча чукул жыйынга чогулат