Миргазы Исаков Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ал буга чейин президенттин администрациясынын уюштуруу-текшерүү иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп иштеп келген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 12-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып Айбек Жунушалиевди дайындаган.
45 жаштагы Жунушалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.
Бишкек шаардык кеңеши 26-августта мэрди шайлайт.
Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и "Эмгекке", тогузу "Ата-Журт Кыргызстанга", сегизи "Ишенимге", жетөө "Ынтымакка", бешөө "Өнүгүү-Прогресске" жана дагы бешөө "Социал-демократтарга" тийген. (МТа)
Дагы караңыз
Талибдер курчаган Кабулда кыргыздар да бар Активисттер "Кумтөр" боюнча АКШ элчилигинин алдына акцияга чыктыПара жөнүндө айткан мурдагы кызматкер президент менен жолугушуу пландалганын билдирдиКоргоо министрлиги аскердик машыгуу өткөрүүдө