Ошто чатакташкан милиция кызматкерлери кызматынан бошотулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) үч кызматкери чатакташкан окуя боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, иш Кылмыш кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен козголуп, бирдиктүү реестрге катталды.

"Ош ШИИБдин кайгуул кызматынын үч кызматкери жана төрт адам катышкан чатак 26-июлда катталган. Курманжан датка көчөсүндө унаа токтотуучу жай талашып, чатакташкан милиционерлер ошол эле күнү Сулайман-Тоо ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Наркологиялык экспертиза эки милиция кызматкери спирт ичимдигин ичкенин аныктады. Жаңжалга катышкан милиция кызматкерлери кызматынан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзүүдө. (ZKo)

Дагы караңыз

Активисттер "Кумтөр" боюнча АКШ элчилигинин алдына акцияга чыктыПара жөнүндө айткан мурдагы кызматкер президент менен жолугушуу пландалганын билдирдиКоргоо министрлиги аскердик машыгуу өткөрүүдө "Аялдар үчүн парламентте 16 мандат жетишсиз" Акимдерге жолтандабас алынбай турган болдуCOVID-19: 237 адамдан вирус аныкталдыБУУнун Коопсуздук кеңеши Ооганстан боюнча чукул жыйынга чогулат Гаитиде жер титирөөдөн каза болгондор 1300кө чамаладыОоганстан: талибдер Кабулга кирди, Гани өлкөдөн чыгып кетти