Гаитиде жер титирөөдөн каза болгондор 1300кө чамалады

Гаити. 2021-жылдын 14-августу.

Гаитиде жер титирөөдөн каза болгондор 1300кө чамалады. 14-августта Кариб деңизиндеги бул өлкөнүн түштүгүндө күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, бийлик бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Жараат алгандардын саны 6 миңге жакындаганы айтылууда.

Жереми жана Ле-Ке шаарларындагы турак жайлардын көбү кыйрап калды.

11 жыл мурда жети баллдык жер титирөө борбор шаар Порт-о-Пренстин көп бөлүгүн урандыга айлантып, болжол менен 300 миң кишинин өмүрүн алган. (RK)

Дагы караңыз

"Талибан" Кабулдагы президенттик сарайды ээледиОоган президенти эмне үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин түшүндүрдүБлинкен Ооганстандагы абалды Вьетнам согушу менен салыштырууларды четке какты"Озоди": Ооганстандын президенти Ашраф Гани Душанбеге келди